• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Өлкөдө 652 мектепте ысык тамак берилбейт

25 Аяк оона 201913:03 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө 652 мектепте ысык тамак берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова депутат Талайбек Масабировдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

Кыргызстандагы 652 мектепте ысык тамак берилбейт. Ал мектептерде таттуу токоч менен чай берилет. Учурда парламентте мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылууга байланыштуу мыйзам долбоору талкууланып жатат,-деди Н. Жусупбекова.

Количество просмотров: 35