• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өлкөдө доллар менен евронун баасы өсүүдө

10 Жетинин айы 2020 11:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-ноябрь саат 10:00гө карата 1 доллардын баасы дээрлик 84 сомдон ашса, ал эми бир евронун баасы 100 сом 65 тыйындан сатылууда. Бул тууралуу valuta.kg сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, орточо эсеп боюнча бугункү күндө долларды сатып алуу 84 сом 01 тыйындан болсо, долларды сатуу 84 сом 40 тыйындан болууда.

Ал эми орточо эсеп менен өлкөнүн акча алмаштыруучу жайларында бир еврону 99 сом 14 тыйынга сатып алып, кайра 100 сом 65 тыйындан сатууда. Ал эми расмий курс катары 99 сом 23 тыйын көрсөтүлүүдө.

Статистикага караганда, акыркы ирет евро октябрь айында көтөрүлгөн. Анда евро 94 сомдон сатылган.

Количество просмотров: 156