• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өлкөдө энергетикалык кризис болобу?

20 Кулжа 2019 18:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.06.2019.Govori.TV.

Өлкөдө электр энергиясын иштеп чыккан суу сактагычтагы суунун көлөмү жылдагыдан аз экендигин бир нече айдан бери серепчилер айтышууда. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов дагы өз пикирин айткан. Ал өкмөттү бул маселеге терең көңүл бурууга чакырып, электр энергиясын ашкере пайдалануунун кесепети жана өлкөдө суунун тартыштыгынан улам калкты жарык менен камсыз кылууда көйгөй жаралышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Ал эми «Электр станциялары» ААКнын маалымат катчысы: “Былтыр бул маалда 16 миллиард 135 миллион куб метрге барабар болчу. Нарын дарыясынын жогору жагында керектүү көлөмдө кар жок. Ошол себептен быйыл суунун көлөмү мурунку жылдарга салыштырмалуу аз болот. Бирок ага карабастан, 1-октябрга чейин 17 миллиард куб метр суу топтойбуз деген планыбыз бар. Бирок ички керектөөчүлөргө электр энергиясын иштеп чыгууда эч кандай чектөө болбойт деп жатабыз. Ошентсе да коомчулукту электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып кетет элек», — деди Айдаралиева.

Белгилей кетсек, буга чейин суунун азайышы электр энергиясынын байма-бай өчүрүлүшүн шарттап, импорттон улам электр кубатына болгон баа кескин жогорулап кеткен. Кыргызстан бир нече жыл мурун эле Тажикстан менен Казакстандан миллиондогон киловатт-саат электр энергиясын сатып алууга аргасыз болгон эле.

Количество просмотров: 13