• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өлкөдө көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

12 Тогуздун айы 2021 15:03 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Количество просмотров: 226