КР Министрлер Кабинети «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карады. Бул тууралуу Министрлер Кабинети кабарлады.
Аталган мыйзам долбоору боюнча Каржы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасады.
Ал белгилегендей, 2025-2027-жылдарга бюджеттин долбоорунда эсептөөлөр КР Министрлер Кабинетинин фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши тарабынан жактырылган 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорунун параметрлеринин негизинде жүргүзүлөт.
«Мамлекеттик бюджеттин чогуу алгандагы кирешелеринин жалпы көлөмү 472 856,1 млн. сом өлчөмүндө болжолдонууда. 2025-жылга республикалык бюджеттин болжолдонгон профицити 26 105,8 млн сомду түзөт, аны экономикалык ишмердүүлүккө жана мамлекеттин милдеттенмелерин жабууга, анын ичинде өлкөнүн тышкы карызын жабууга жумшоо пландаштырылууда», — деди Алмаз Бакетаев.
Жыйын аягында аталган мыйзам долбоорун Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү бир добуштан колдоп, кабыл алышты.