Кыргызстанда коронавирустун альфа жана бета-штаммдары аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Назира Артыкова билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда коронавирустун альфа-штаммы табылган. Ал эми июнда бета-штаммы табылып, тынчсызданууну жаратууда.
“Бүгүнкү күнгө карата 849 миң 576 адам эмдөөдөн өтүп, алардын 8,8%ы вакцинанын биринчи дозасын, 3,9%ы экинчи дозасын алган. Ошол эле учурда эмдөөнүн темпи мурунку жумага салыштырмалуу 40,9%га төмөндөп, чоң өкүнүчтү жаратууда. ДССУнун максаты — сентябрга чейин ар бир өлкөнүн калкынын 10%дан кем эмес, жылдын аягына чейин 40%дан кем эмес, эмдиги жылдын ортосуна чейин дүйнө жүзүнүн 70%ы эмдөөдөн өткөрүү”, — дейт ал.
Артыкова кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын август айына карата дүйнөдө 206 миллиондон ашык COVID-19 учуру катталган, анын ичинде 4 миллион 530 миңден ашуун адам өлүмгө учураган.