• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Өлкөдө унааларды каттоо арзандайт

26 Кулжа 201910:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.06.2019.Govori.TV.

Кыргызстанда унааларды каттоо арзандайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, унааларды каттоо 1-августтан баштап 589 сомго арзан болот. Жаңы түзүлгөн келишимдин шарты боюнча, бир бланканын баасы 192 сомду түзүп, мурункуга караганда 4 эсе арзан экенин жана мындан ары чет элдик валютанын наркынан көз каранды болбой, бланкалар сом менен баалана турганыны айтылды.

Белгилей кетсек, 1-августтан тартып, унааларды каттоо жана кайра каттоо мурункудай эле 920 сомдон жүргүзүлөт. Бирок бланк 192 сомдон (мурда 781 сом 50 тыйындан берилген) берилет.

Количество просмотров: 12