• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга добуш берүү аяктады

11 Чын куран 2021 20:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жыйынтыкталды.

Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн. Саат 18:00гө карата Түштүк Сахалин, Владивосток, Түштүк Корея, Гуанчжоу, Малайзия, Пекин жана Иркутсктагы шайлоо тилкелери жабылды.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Акыркы маалымат боюнча, Конституция боюнча референдумга 1 млн 61 миң 591 шайлоочу добуш берди. Ал жалпы шайлоочулардын 29,44%ын түзөт.

Аймактар боюнча алганда референдумга Бишкекте — 102 миң 258, Ош шаарында — 58 миң 138, Жалал-Абад — облусунда 218 миң 847, Ысык-Көл — облусунда 90 миң 611, Нарын облусунда — 70 миң 396, Ош облусунда — 226 миң 553, Талас — облусунда 55 миң 226, Чүй облусунда — 153 миң 697, Баткен облусунда — 83 миң 454 жана чет өлкөлөрдө 2 миң 411 жаран добуш берди.

Ал эми жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо 1 млн 318 миң 130 жаран (30,89%) тандоосун жасады. Шаардык кеңештерге 303 миң 176, айылдык кеңештерге 721 миң 715 шайлоочу катышты.

Өлкө аймагындагы шайлоо тилкелеринде добуш берүү эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин уланды.

Количество просмотров: 91