• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Өлкөнүн түштүгүндө сел жүрүшү күтүлөт

23 Бугу 202312:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын түштүк аймагында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, эртең, 24-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Количество просмотров: 75