• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Лондондо орус элчилигинин алдындагы көчө украин желегинин түсүнө боёлду

24 Бирдин айы 20239:30 Бишкек Govori.TV

Британиялык Led By Donkeys уюмунун активисттери 23-февралда Орусиянын Лондондогу элчилигинин консулдук бөлүмүнүн алдындагы көчөнү украин желегинин түсүнө боёшту.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бул акцияны өтө начар «психоделика» деп атады. «Бандеранын коркунучтуу түшү: анын ишин улантуучулар төшөп койгон Украинанын улуттук желегин Лондондогу орусиялык дипломаттар тебелеп өтүшөт», – деп жазды ал телеграм каналына.

Led By Donkeys уюму 2018-жылы түзүлгөн. Ал Брекзитке каршы болгондор менен Улуу Британиянын Консервативдик партиясын сындагандарды бириктирет.

Количество просмотров: 111