• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Лукашенко Курманбек Бакиев менен жолукту

7 Баш оона 20199:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.

6-августта Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен жолушканын Беларус президентинин сайты кабарлады.

Маалыматта “Беларус президенти Александр Лукашенко өзүнүн досу, кесиптеши, Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев менен жолугушту” деп жазылган.

Жолугушууда Лукашенко Бакиевди 70 жашка чыгышы менен куттуктап, белек берген. Куттуктоодон кийин Лукашенко менен Бакиев актуалдуу суроолорду талкуулашканы кабарланды. Бирок эмне маселени сүйлөшкөнү айтылган жок.

Эске салсак, Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт. Сот тарабынан анын экс-президент макамы да алынган.

90 жакын адамдын өмүрүн алган апрель окуясы боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Курманбек Бакиевди 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан.

Количество просмотров: 12