• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Лунара Мамытова: Аида Касымалиева менен эч кандай чырым жок

26 Аяк оона 201818:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.09.2018.Govori.TV.
Өкмөткө караштуу Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова чет өлкөлөргө болгон иш сапарлары тууралуу айтты. Анын айтымында, ал кызматка келгени Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде 100дөн ашык чет өлкөгө чыгуу болгон. Алардын ичинен учөөнө гана барганын айткан.
«Тапкан экен да коррупционерди, керек болсо ал жерде коррупция менен күрөшө турган адам менмин. Эмне үчүн мындай маалымат чыгып жатканын билбейм. Балким, бироонүн куйругун басып алгандырмын же кылгандарым кээ бирлерге жакпай жаткандыр. Негизи эле баардык министрликтерде мындай иш сапарларга көп чыгышат, муну айткан адам өзү деле көп чыгат. Анан баарына тегиз карайлы да. Ал эми Аида Касымалиева менен эч кандай таарынычым жок жана болгон да эмес»,- деди Мамытова.

Количество просмотров: 55