• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Любоюнун тилин жулуп алам». УКМКнын төрагасы анын ата-энесине асылбоону айтты

26 Чын куран 2021 9:52 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен болгон жолугушууда атасы же энесине асыла турган адамдын тилин жулуп алааары тууралуу билдирүү жасады.

Белгилей кетсек, жолугушуу Куршаб айыл өкмөтүндө болуп, ага келген Ташиевди бир топ эле тосуп алды. Чогулган эл бийликтин аракетине нааразычылыгын билдирди. Сөз алган жергиликтүү тургун Ташиевге өз пикирин айтып кайрылды.

«Баарыбыз ушул жерде — Өзгөндө чоңойдук. Жерибизден баш тартпайбыз. Өзүбүзгө жерибиз жетпейт, бирок Кемпир-Абадды өзбектерге бересиңерби? Элдин жерлерин жеке адамдыкындай же силердин атаңарга же энеңерге таандыктай болуп өз билгендей калчап жатасыңар», — деп айтып жатканда Ташиев анын колунан микрофонду тартып алды.

«Менин атам менен апама асылба» деди Ташиев жооп иретинде.

Өз сөзүн Камчыбек Ташиев трибунада туруп улантып, элге кайрылды.

«Урматтуу эл. Мен сизге жакшы ниет менен келдим, бирок араңызда атайылап чагымчылдык кылган 20-30 жигит бар. Чоң ата, чоң энеге асылып жатышат, аларга тийбегиле! Менин атама асылгандын любоюнун тилин жулуп алам», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 547