Президенттин жана gov доменине караштуу бир катар мамлекеттик органдардын сайттары иштебей турат.
Алар төмөндөгү сайттар:
Анткен менен бул порталга тиешеси жок Айыл чарба министрлиги, Финансы министрлиги жана ӨКМдин сайттары иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.
Анын айтымында, адистердин ишинде мүчүлүштүктөр кетип калган.
«Ар бир жылдын башында доменге байланыштуу тиешелүү процедуралар аткарылышы зарыл. Бирок адистердин ишинде мүчүлүштүктөр кетип калыптыр. Азыр көйгөй жоюлуп, көпчүлүк сайттар иштей баштады», — деп билдирди Эсенгулов.