Экономика жана финансы министрликтери бириктирилген. Анын курамына Салык кызматы, Бажы кызматы жана Мамлекеттик мүлк фонду кире турган болду. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, Экономика жана финансы министрлиги өлкөнүн бардык киреше булагына жооп берген орган болот.
«Экономика жана финансы министрлиги өзүнчө чоң блок болот. Бекеринен министрге вице-премьер макамы берилген жок. Жалпы кирешелер боюнча бир киши жооп берсин деп жатабыз», — деди Марипов.
Министрликтин жетекчилигине Улукбек Кармышаков сунушталып жатат.