• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мүлкүн жашырган соттор жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн

14 Жетинин айы 2018 11:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.11.2018. Govori.TV
Бирдиктүү салык декларациясында мүлкүн жашырган соттор административдик жоопко тартылышы мүмкүн.
Мындай сунушту Башкы прокуратура Соттор кеңешине жолдогонун мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Салык кызматынан келген материалдарды карап чыккандан кийин соттордун мүлкүн жашыргандыгы ачыкталган.
Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы мүлкүн жаап-жашырган сотторду, ага катар эле ыйгарым укуктары аяктаган сотторду да административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү маселесин карап чыгышы керек.
Количество просмотров: 29