• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мүлкүн жашырган судьялар жоопко тартылат

13 Жетинин айы 2018 17:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.11.2018.Govori.TV.
Башкы прокуратура бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлбөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү бар бир нече судьяны жоопкерчиликке тартууга ниеттенип жатат.
Көзөмөл органдын маалыматына караганда, судьялардын мүлкү жашырылгандыгы тууралуу Салык кызматынан келген материалдарды карап чыккандан кийин белгилүү болгон.
Башкы прокуратура Соттор кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссияга аталган судьяларды дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу сунушун жөнөттү. Мындан тышкары комиссия ыйгарым укуктары аяктаган судьяларды дагы административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү маселесин карап чыгышы керек.
Буга чейин бийлик аткаминерлердин декларациясын текшерүү —коррупцияга каршы күрөштүн милдеттүү бир бөлүгү болорун билдирген.
Количество просмотров: 34