• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Бюллетендер даярдалып бүттү

25 Кулжа 202414:38 Бишкек Govori.TV

30-июнга дайындалган №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого бюллетендерин даярдоо иштери аяктады. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Мыйзамга ылайык, бюллетендер добуш берүү күнүнѳ чейин 5 күн мурда басып чыгарылууга тийиш. Бюллетендер үч округдун шайлоо участкаларына жеткирилет.

Жалпы бардыгы 311 миң 253 шайлоо бюллетени даярдалды. Кыргыз тилинде 218 223, орус тилинде 93 300 бюллетень, 175 бюллетень Брайль арибинде басылып чыкты. Алардын ичинде:

  • Ноокат округу боюнча – 91 миң 105. Кыргыз тилинде 88 миң 547, орус тилинде 2 миң 558 бюллетень, 54 бюллетень Брайль арибинде;
  • Свердлов округу боюнча – 123 миң 21. Кыргыз тилинде 61 миң 498, орус тилинде 61 миң 523 бюллетень, 60 бюллетень Брайль арибинде;
  • Ысык-Көл округу боюнча – 97 миң 397. Кыргыз тилинде 68 миң 178, орус тилинде 29 миң 219 бюллетень, 61 бюллетень Брайль арибинде.

Шайлоо бюллетендери жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп берилди. Өз учурунда БШКнын өкүлдөрү акт боюнча бюллетендерди Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссияларына тапшырды.

Количество просмотров: 81