Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.
Залалдуу шишик илдетине чалдыккан, өмүрүнө коркунуч жараткан дартка кабылган Кыргыз Республикасынын жарандары пенсиянын топтолмо бөлүгүн белгилегенген убакыттан мурда ала алат.
Тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору Социалдык фонд тарабынан коомдук талкууга коюлду.
Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү оор делген илдеттердин тизмегин түзөт. Ага биринчи кезекте онкологиялык оорулар жазылат.