Бишкек.12.08.2019.Govori.TV.
Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов бүгүн, 12-августта Талас облусуна келди.
Маалым болгондой, аны парламенттин депутаттары Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев, Мирлан Жээнчороев, Талас шаарынын мурдагы мэри Анарбек Кушубеков коштоп жүрөт. Бабанов балдары жана жубайы менен «Манас Ордо» комплексине барды.
Эске салсак, 9-августта Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарына учуп келген.