• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өмүрбек Бакиров: Айыл чарба министрлигин жоюп салуу керек

31 Үчтүн айы 2019 15:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.01.2019. Govori.TV

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйында «Суу кодексине «Суу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралууда.

Талкуу учурунда депутат Өмүрбек Бакиров Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ишин сынга алды.

«Айыл чарба министрлигинде 4-5 миң киши иштейт экен. Аймактарда дагы ошондой кызматкерлериңер барбы? Бүгүнкү күндө дыйкандар эмне эгерин билбей отурат. Быйылкы картошканын абалын баарыбыз көрүп турабыз. Мына дыйкандар өздөрү каалагандай агрардык дарыканалардан химикаттарды алып, эгиндерине чачып, өздөрү ууланган учурлар катталууда. Бул иштерди аткарбагандан кийин Айыл чарба министрлигин жоюп салуу керек. Аны Суу чарба департаментине эле кошуп салса болот», — деди эл өкүлү.

Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев атайын түзүлгөн программанын негизинде иш алып барып жатканын билдирип, аймактарда агрардык саясатты жүргүзгөн 5тен кызматкер иш жүргүзүп жатканын айтты.

Количество просмотров: 17