• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өмүрбек Текебаев сотко ишенип баштады

1 Тогуздун айы 2019 14:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-октябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып, кийинки отурум 17-октябрга жылдырылды.

Ал эми Өмүрбек Текебаев соттук отурумдун башталуу алдында мурункуга караганда соттор азыр акыйкат чечим чыгарат деген ойдомун деген пикирин айтты.

Айыптоочу тарап күбөлөрүн алып келе албайт, себеби Маевский Россияда камакта олтурат. Ал эми Модинди милиция издеп таппай жатат, ага жалган көрсөтмө берүү боюнча кылмыш иши козголгону турат. Мурункуга караганда соттун чечимин алдын ала айтыш кыйын, бирок мурункуга караганда мыйзамдураак болуп калды, -деген пикирин айтты.

Белгилүү болгондой, соттук отурумга 20дан ашык күбө чакырылган, ал эми бүгүн 8 күбө гана суралганга жетишти. Ал эми кийинки отурумда күбөлөрдү суроо улантылат.

Эске салсак, 12-сентябрда болгон соттук отурумда күбөлөр келбей калганына байланыштуу сот иши 1-октябрга калтырылган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.

Количество просмотров: 89