• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева каза болду

29 Чын куран 2021 14:20 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу партиясынын Саясий кеңеши кабарлайт.

«Тилла Текебаева жакында 90го чыкмак. Апа көптөн бери ооруп жаткан. “Ата Мекен” партиясынын жалпы мүчөлөрүнүн атынан партия төрагасы Өмүрбек Текебаевге жана жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөбүз», — деп жазылат кеңештин билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрель Акман айылында өтөт.

Govori.TV агенттиги саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасынын каза болгонуна байланыштуу, ага жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

Количество просмотров: 234