Кечээ, 31-октябрда КСДП партиясынын саясый Кеӊеши Иса Өмүркуловду партиянын негизги максаттарына жана тапшырмаларына карама-каршы келген аракеттери үчүн партиянын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алганын маалымдады.
Бүгүн Өмүркулов бул чечимди мыйзамсыз деп эсептеп журналисттерге чукул маалымат жыйын өткөрдү.
Ушул эле фракциянын депутаты Ирина Карамушкина Саясый Кеңештин тогуз мүчөсү Өмүркуловду партиядан чыгарууну колдогонун айтты.
КСДП партиясынын ичиндеги тиреш көптөн бери жүрүп келе жатканы жашыруун эмес. Ага карабай, Өмүркуловдун партиядан четтетилиши күтүүсүз болду.
Бул аралыкта КСДП партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева аны партиядан чыгарууга толук негиз бар экендигин, Иса Өмүркулов бул боюнча сотко кайрылса болот деген билдирүү таратты.
Ал эми Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул чечимди мыйзамсыз деп баалады.
Бул маселеге юридикалык жактан кандай баа берилиши белгисиз, бирок бул партиянын ич-ара пикир келишпестиги жакшылыкка алып барбасы белгилүү деген пикирде айрым эл өкүлдөрү.
Иса Өмүркулов кандай кадамга бара турганын мезгил көрсөтөт. Бул тууралуу ал бүгүн чукул жыйында айтып өттү.
Башкаруучу КСДП партиясынын ичиндеги тиреш жана акыркы мезгилдеги окуялар учурда коомчулуктун көңүлүнүн борборунда. Анткени, жергиликтүү башкаруу органдарындагы басымдуу кызматтарды аталган партиянын өкүлдөрү ээлейт. Демек ич ара тиеш акырына чыкпаса бул жалпы эле өлкөдөгү коомдук, саясый жана экономикалык абалга таасир тийгизе тургандыгы белгилүү.