Аймактарда, борбордо сатылып жаткан дары-дармектердин баалары апта сайын өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Иса Өмүркулов билдирди.
«Коронавирус коркунучтары турат деген мезгилде дары-дармек кымбаттап жатат. Бул маселени ким көзөмөлдөйт? Ар бир дарыканада баалар ар кандай болуп жатат. Ал эми дарылардын мөөнөтү тууралуу айтпай эле коёюн. Баалары биздин пенсионерлерге өтө эле кымбат. Өкмөт көңүлүн ушул маселеге бурса», -деди Өмүркулов.