Контрабанданын баары 2011-жылдан 2017-жылга чейин болсо, элди акырын бүгүнкү бийликке тукуруп коюп жатат. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов билдирди.
«Мен уккан маалыматтар боюнча журналисттик иликтөө бир тараптуу болуп жатат. Эки тарапты тең обьективдүү чагылдырыш керек. Контрабанданын баары 2011-жылдан 2017-жылга чейин болсо, элди акырын бүгүнкү бийликке тукуруп коюп жатат. Ал эми күч түзүмдөрү буга байланыштуу реалдуу фактылар менен жооп бериши керек»,-деди депутат Өмүркулов.