• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

М. Суталиновдун 9 жылдык азабы бир көз ирмемде

7 Бугу 2019 15:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.

Апрель окуясы боюнча камалган УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду сот өсмө илдетине чалдыкканы, паллиативдик жардамга муктаж экенин бүгүнкү отурумда эске алып, абактан биротоло бошотуу чечимин чыгарды.


Соттук отурумда М.Суталиновдун өзүнүн кызы жактоочулук кылып, соттук коллегияга атасынын оорусу 2012-жылы башталганын айтып, дарыгерлердин чыгарган тыянагынын негизинде абактан бошотууну суранды.


Ал эми мамлекеттик айыптоочунун акыркы сөзүнөн соң, соттун курамы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасын боштондукка чыгаруу өкүмүн окуду.


Андан соң, бүгүнкү соттук отурумга колдоп келген М.Суталиновдун жакындары, тарапташтары чыккан чечимге ыраазы болуп, сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алышты.


Абактан бошотулган Мурат Суталинов жакындары менен жолугушуп, бүгүнкү соттон мындай чечимди күтпөгөнүн айтып:
“ Мындан бир саат мурун жаман акыбалда болчумун, азыр менде үмүт пайда болду. Эркиндикке чыккандан кийин, чет жерге кетпей Кыргызстанда гана даарыланам”, — деди М.Суталинов.

Количество просмотров: 14