• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Маалымат саясатынын концепциясынын долбоору Улуттук Медиа Форумда көрсөтүлүп, коомдук талкуу үчүн жарыяланат

3 Кулжа 2021 14:23 Бишкек Govori.TV

3-июнда Бишкектеги “Хаятт Риженси” отелинде “Маалымат саясатынын концепициясын иштеп чыгуу: мамлекет менен медианын диалогу” аттуу Улуттук Медиа Форум өтөт. Форум Европа Биримдиги каржылаган Медиа Диалог долбоору тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги менен чогуу уюштурулган.

Форумда 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мөөнөткө карата Кыргыз Республикасынын Маалымат саясатынын концепциясынын долбоору көрсөтүлөт. Концепция Кыргыз Республикасынын маалыматтык суверенитетин камсыз кылуу жана медиа секторду өнүктүрүү, сөз эркиндиги менен пикирлердин ар түрдүүлүгүн коргоо үчүн шарт түзүүгө арналган. Долбоордун документи медиауюмдардын жана контент өндүрүүчүлөрдүн, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана ишкер уюмдардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүн камтыган, кызыкчылыгы бар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн катышуусунда алты айдан ашык иштелип чыккан. Форумдун катышуучулары Концепциянын долбоорунун негизги жоболорун талкуулап, Концепцияны ишке ашыруу планын иштеп чыгуу боюнча кеңеш беришет. Андан тышкары, медиа сектордун алдына COVID-19 жана Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек арасындагы абалдын курчушу койгон маселелердин жыйынтыгын чыгарыш үчүн чукул кырдаалдарда жана абалдарда, чыр-чатактарда иштөөдөгү тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу панелдик талкуу жүргүзүлөт.

2021-жылдан 2025-жылга чейинки мөөнөткө карата Кыргыз Республикасынын Маалымат саясатынын концепциясынын долбоору жөнүндө демилге 2020-жылы КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги (ошол кездеги расмий аталышы) тарабынан көтөрүлүп, Европа Биримдиги каржылаган Медиа Диалог долбоору тарабынан колдоого алынган. Бул документ орто мөөнөттөгү келечекке карата өлкөнүн маалымат саясатынын максаттары жана милдеттери, анын ичинде медиадагы пикирлердин ар түрдүүлүгүнө жана рынок мамилелелеринин өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү мамлекеттик жөнгө салуу чаралары боюнча тараптардын бирдиктүү пикирин билдирет.

2021-жылдан 2025-жылга чейинки мөөнөткө карата Кыргыз Республикасынын Маалымат саясатынын концепциясынын долбоору андан аркы коомдук талкуу үчүн http://kyrgyz.media/ сайтында жайгаштырылган.

Количество просмотров: 154