Бүгүн Аскердик прокуратурасынын имаратынын жанына КСДПнын мүчөлөрү чогулуп, «Медиа Форум» имараты жана Апрель каналынын мүлкүн камакка алынуусу боюнча ишти кароону айтып, алар аскердик прокурор Нуркамал Набиев кабыл алсын деп талап кылышкан эле.
Чогулгандардын ичинен депутат Ирина Карамушкина Аскердик прокурор Нуркамал Набиевдин кабылдамасына кирип чыкты.
Депутаттын айтымында, ага бул иш ИИМдин көзөмөлүндө болуп жатканын айтышкан, бирок алар тараптан да ишөчаралар көрүлүп жообу 22-сентябрда айтылаарын кошумчалашкан.