Бүгүн, 25-апрелде «Медиа топтоо – 2020» индустриалдык форуму өттү.
«Медиа топтоо – 2020» III индустриалдык форуму коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл биринчи жолу онлайн-форматта өтүп, Кыргызстандагы медианын абалы жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын пандемия учурундагы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Анда өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, редактор өзгөчө абалда иштөө шарттары боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.
«24.kg» сайтынын редактору Махинур Ниязова Бишкектин комендатурасы башта медианын ишине уруксат берип, кийин белгисиз себептер менен аккредитациядан өткөрүүдөн баш тартканын айтты.
Ал эми «Kloop.kg» сайтынын редактору Бектур Искендер медианын иши чектелгенин кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, форум 25-29-апрель күндөрү саат 15:00-18:00 аралыгында Zoom платформасында болот.