• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Маданият министри: Фонограмманы токтотуу керек

11 Бештин айы 2020 9:43 Бишкек Govori.TV

 Фонограмманы токтотуп, жандуу үн менен ырдоо керек. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жергиликтүү маалымат каражаттардын бирине берген маегинде билдирди.

«Сахналарды ачып бердик. Эми бир өзгөрүү менен чыксак. Фонограмманы токтотуш керек да. Бул талапты коюп жатабыз, бирок акырындык менен ишке ашырабыз го. Жол-жобосун карап жатабыз. Мисалы, бир концертте 2-3 ырыңды жандуу комуз же гитара менен ырдап бер дегендей кылабыз го. Андан кийин акырындык менен жандуу эмес, фонограмма кыла турган болсо ырчыларга эмес, ошол мекемени ижарага бергендерге чара көрүш керек. Анткени ырчылар эркин, аларга кандай чара көрөсүң? Мекемелер программасын, репитициясын карап, ошондон кийин гана уруксат бериши керек. Бизде таланттуу кыздар, балдар аябай көп. Жандуу үн менен ырдашы керек. Бул өтө маанилүү нерсе. Бул маселени жобо даярдап көтөргөнү жатабыз», — деген Нуржигит Кадырбеков.

Белгилей кетсек, жасалма үн, тактап айтканда, фонограмманы жоюу боюнча маселе өлкөдө байма-бай көтөрүлүп келет.

Количество просмотров: 95