• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Маданият министри жергиликтүү поп-ырчыларга бийликтин уруксаты жок ырдоого тыюу салды

17 Теке 2019 9:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.07.2019.Govori.TV.

Чеченстандын маданият министри Хож-Бауди Дааев социалдык түйүндөрдө популярдуу болгон жергиликтүү поп-ырчыларга бийликтен уруксат алмайынча чыгармаларын жарыялоого, концерттерде ырдоого тыюу салды. Бул тууралуу ал мамлекеттик «Грозный» телеканалында сүйлөп жатып айтты.

Ырлары жакпай калган аткаруучуларды иш бөлмөсүндө кабыл алган министр аларда «музыка жөнүндө эч кандай түшүнүк жок экенин» жана алар ырчы болууга татыксыздыгын белгиледи.

Дааев ырчы болгусу келген адамдын Маданият министрлигинин алдындагы атайын комиссия жактырган репертуары болушу керектигин кошумчалады. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тапшырмасы менен түзүлгөн бул комиссия ырдын сөзү менен обонунун улуттук маданиятка туура келер-келбесин текшерет.

Количество просмотров: 38