• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Маданият министринин орун басары суучул Елизавета Печерскихти кабыл алды

5 Баш оона 202419:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты
министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Парижде өтүп жаткан
Олимп оюндарына катышкан суучул Елизавета Печерскихти кабыл алды.

Министрдин биринчи орун басары Елизавета Печерскихти жетишкендиктери менен
куттуктап, бул башталышы экенин белгилеп, кийинки оюндарга ийгиликтерди
каалады.


Мындан сырткары, Елизаветанын бул жетишкендиктеринде анын
машыктыруучусунун дагы орду чоң экенин белгилеп, ыраазычылык билдирди.
Елизавета Печерских Олимпиадада 50 метр аралыкка эркин стилде сүзүү боюнча
мелдешке катышып, өз тайпасында биринчи келди. Жалпы жыйынтыкта 30-орунду ээлеп калды.

Количество просмотров: 106