• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Маданият министрлигинин калдырак калпактан кутулуу сунушу

16 Бирдин айы 201814:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.02.2018.Govori.TV
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанга ак калпакты сырттан алып кирүүгө тыюу салуу сунушун көтөрдү. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук угууга чыгарылды.
Министрликтин маалымат кызматы бул демилге улуттук каада-салттарды колдоо, улуттук маданиятты көтөрүү жана баалуулуктарды кеңири жайылтуу максатын көздөө максатында деп билдирди.
Кыргызстанда сатылып жаткан калпактардын айрымдары Кытайда даярдалып, импорттолот.
Буга чейин Жогорку Кеңеш депутаты Тазабек Икрамов бийлик башындагыларды жана спортчуларды чет элге барганда калпак кийүүгө милдеттендирүү демилгеси да көтөрүлгөн.
Кыргызстанда 5-мартта Ак калпак күнү белгиленет.
Количество просмотров: 157