• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Маданият жана искусство университетинин ректору дүйнө салды

9 Бештин айы 20229:19 Бишкек Govori.TV

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Чотонов Мамашарип Мамытович 8-декабрда дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Чотонов Мамашарип Мамытович 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган.

2014-жылдын 15-апрелинен тарта өкмөттүн буйругуна ылайык, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп эмгектенип жаткан.

Экономика илимдеринин кандидаты, доцент болгон.

Количество просмотров: 233