• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Өзбек Абдылдаев каза болду

5 Жетинин айы 2020 13:46 Бишкек Govori.TV

Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин профессору, университеттин музыка жана ырдоо кафедрасынын башчысы, «Даңк» медалынын ээси Өзбек Абдылдаев узакка созулган оорудан улам 79 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өзбек Абдылдаев 1941-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Коңурат айылында туулган.

1962-жылы М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын хор дирижеру бөлүмүн, 1968-жылы Гнесиндер атындагы Москва мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтунун (азыркы Россия музыкалык академиясы) хор дирижеру адистигин аяктаган.

1968-жылдан тартып ал кездеги Кыргыз мамлекеттик искусство институту – учурдагы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде эмгектенген. Окуу жайдагы хор дирижерлугу кафедрасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, аталган кафедранын окутуучусу, ага окутуучусу, 1971-жылдан тарта кафедра башчысы, 1992-1993-жылдары Маданий-агартуу иштери факультетинин деканы, 1993-1994-жылдары Хор жана оркестр дирижерлугу факультетинин деканы, 1994-2014-жылдары окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору кызматтарын аркалаган. 1996-жылы жаңыдан уюшулган музыка жана ырдоо кафедрасынын (проректорлук иши менен айкалыштырып) башчысы болуп дайындалган. Ошол күндөн көзү өткөнгө чейин аталган кафедраны жетектеп келди.

1974-жылы экинчи хормейстер катары Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын (КТРК) камералык хорун уюштурууга катышкан.

Окуу жайга жана билим берүүгө сиңирген үзүрлүү эмгеги үчүн 1989-жылы доцент, 1994-жылы профессор окумуштуулук даражасы ыйгарылган.

Количество просмотров: 90