• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мадумаров: Бакиев модадан калды, эми башка «бөкөчө» пайда болду, ал Атамбаев

22 Чын куран 2019 16:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.

«Мен канчалык Атамбаевдин үнүн уга элекмин, аны көрө элекмин деген сайын аны менен бириктиргенге аракет кылышат». Мындай пикирин Адахан Мадумаров бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында айтты.

«Алты жыл катары менен мени Бакиевдин эң ишенимдүү кишиси деп келишти. Эми Бакиев модадан калып калды да, башка бир «бөкөчө» пайда болду, ал Атамбаев. Эми мени анын алдына байлап коюш керек. Абийсиз, арсыз, уятсыз кишилердин чыгарып жатканы бул. Мен мындан төрт, беш жыл мурун айткам. Атамбаевге кыл тийгизбей менден коргоп жаткан азаматтар, ал кишини тепкилеп баштаганда мен коргоп чыгам дегем. Ошол кезде Атамбаевдин жанында жүргөнүнө бактылуу болуп жургөн адамдар азыр аны иттей каралап атышат. Мен ал киши менен көрүшө элекмин. Дагы канча жолу кайталашым керек билбейм», -деди Мадумаров.

Буга кошумчалай, эгер Атамбаев саясатка кайрадан кайтып келсе буга толугу менен азыркы бийлик күнөөлү болоорун айтты.


Количество просмотров: 21