• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Мадумаров: Чек араны алмашуу жолу менен чечебиз деген аргасыздыктын сөзү

14 Үчтүн айы 202017:37 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Адахан Мадумаров бүгүн маалымат жыйын уюштуруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда азыркы чек арадагы кырдаал боюнча айтылып, маселени чечүүнүн жолу катары жер алмашуу сунушу тууралуу суроо берилди. Ага саясатчы вице-премьер ачылыш ачпаганын, алмашуу жолу илгертеден эле бар экенин айтты.

Ошондой эле саясатчы эки өлкөнүн ынтымагы, алакасы өлкө башчыларынын бири-бирине болгон сый-урматынан да көз каранды экенине токтолду.

«Мамлекеттер аралык кызматташтык, алаканын жакшы болушу өлкө башчылардын башчыларынын бири-бирине болгон сый-урматынан көз каранды. Ал эми биздин президентке карата ошондой сый-урмат барбы? Менимче, жок. Негизи эле бул чек ара маселесин азыркы бийлик, өкмөт чече албайт. Ага алардын күчү да, сабаты да, эрки да жетишпейт. Жеңиш Разаковго Баткен эли ишенбөөчүлүк көрсөттү, элдин «ал бул көйгөйдү чече албайт» дегендерине карабай ал өзүнүн ордунда отурат», — деди Адахан Мадумаров.

Количество просмотров: 184