• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Мадумаров добуш берди

28 Жетинин айы 2021 10:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Адахан Мадумаров Бишкек шаарынын №1211 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «бул жолку парламенттик шайлоодо да административдик ресурс колдонулат» деп айтты. Бирок Мадумаров конкреттүү бир фактыга токтолгон жок.

«Эгер бийлик кааласа, шайлоо таза өттү деп дүйнөгө канчалык жар салса да, добуш сатып алуулар болот. Бирок бул ирет элибиздин саясий деңгээли бир аз көтөрүлүп, руханий дүйнөсү байыгансыйт. Көптөгөн нерселерден баш тартып жатышат. Административдик ресурс болуп келди, болуп жатат. Мамлекеттик телеканалдар, маалымат каражаттары аркылуу бир нерсени акырын былгытып коюу — азыркы бийликтин адатына айланып калды», — деди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү. Шайлоо тилкелери эртең менен саат 8:00дөн тартып кечки саат 20:00гө чейин иш алып барышат. Кыргызстандын аймагында жана чет жерлерге жалысынан 2494 шайлоо тилкеси уюштурулган. Өлкө боюнча 3 миллион 700 миңден ашык жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Бул жолу Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Ал эми шайлоочулар колдоруна 2 бюллетень алат, биринчиде жаран партияны жана анын ичиндеги бир талапкерди тандаса, экинчисинде бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон адамды тандай алат.

Количество просмотров: 1122