• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Мадумаров Гүлзада Рыскулованын чыгармачылыгын баалады

2 Аяк оона 2022 10:17 Бишкек Govori.TV

«Идеологияны эч ким жазып бербейт! Идеологияны издесен Гулзаданын чыгармачылыгынан издегиле»,-мындай сөзүн эл өкүлү ырчынын 31- август Эгемендүүлүк күнүнө арналган “Үркөр” аттуу чыгармачылык концертинде айткан. Бул туралуу Гүлзада Рыскулова өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.


«Адахан Кимсанбаевич мына ушундай баасын берип кеткени мени абдан толкундантты. Чыгармачылыктын кээде татаал, кээде ийгиликтүү жолунда кыйынчылыгына карабай беттегенимди бербей келе жатам. Бирок үч уктасам да мындай бийик бааны өз дарегиме угам деп күткөн эмесмин.Ар кандай учурда Сиздин айткан кебиңиз мага канат болот деп ишенем агай. Дагы да болсо элим учун эмгегимди арнаганга зор дем бердиңиз. Концертимдин аягына чейин кетип калбай, чыгармачылыгыма күбө болуп кеткениниз мени кубандырды»,-деп жазды.


Сахнага чыгуу мен үчүн чоң жоопкерчилик жана милдет. Анткени ар бир чыгармамдын артында талыкпаган эмгек, көрүнбөгөн түйшүк жана эл- жерге болгон чоң сүйүүм жатат.
Биздин эмгегибизди көрөгөч, кыраакы, акылман инсан гана баалай алат.
Бар болуңуз агай!
Терен урматым менен Гүлзада Рыскулова
Бир күндүк эмес, түбөлүктүү чыгармаларды уккула!

Количество просмотров: 523