• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мадумаров ката боюнча: Эртең хирург айтат: Сокур ичегисинин ордуна өтүн алып салыптырмын…

22 Чын куран 2019 17:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.

Кыргызстандагы сабатсыздык алдыга чыгып кетти. Бул тууралуу саясий ишмер Адахан Мадумаров билдирди.

«Дүйнөлүк сабатсыздык өкүм сүрүп жаткан кезде, Кыргызстандагы сабатсыздык алдыга чыгып кетти. Биздин билим берүү министри өзү ректорлорду жыйнап алып, эки ката кетсе эч нерсе болбойт деп айтып отурса, эртең хирург чыгат: Сокур ичегисин алам деп, өтүн алып салыптырмын. Бир эле жерден ката кетирип алдым, өлбөйт деп… Бул эмне деген көрүнүш?»,- деди Мадумаров.

Мадумаровдун айтымында сап башында турган министрдин өзүнөн, ЖК депутаттарынын бири-бирине жолдогон каттары кандай гана ката менен жазылып жатат.

«6-класстын окуучусу жатка айтып берген ырды мамлекеттин жетекчиси айталбай жатканына өзүңүздөр күбө болуп жатасыздар”,-дейт А. Мадумаров.

Эске салсак, Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү – келечекке инвестиция” деген аталыштагы Кыргызстан жана Орусиянын ректорлорунун биринчи форуму өтүп. Анда конокторду ката жазылган баннер менен тосуп алышкан.

Интернетте жарыяланган баннердин сүрөтү коомчулукта талкууга түшкөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева үн катып эки тамга үчүн маселе көтөрүү туура эместигин айткан.

Количество просмотров: 20