• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мадумаров: «Кемпир-Абад» өтүп кетсе күйдүрүп күлүмдү үстүнө чачып койгула

17 Тогуздун айы 2022 12:38 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы кырдаал боюнча Курултай өтүп, ага катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Кемпир-Абад суу сактагычы биздин өлкөгө тиешелүү экенин далилдеген бардык документтер бар экенин айтты.

«Мен парламенттин трибунасында айттым, мени Ала-Тоо аянтына алып баргыла, ошол жерден атып салгыла, өрттөп жибергиле, күлүн Кемпир-Абадга чачкыла. Эмне үчүн баары жабык эшик артында жасалат? Себеби, чындыктан коркот… Мына бул жерде бүт баардык документтер бар. Биздин бүгүн туу кылып көтөрөөр бир документибиз бар. 75-жылы Кемпир-Абад курулушу боюнча Өзбекстан менен коюлган келишимдердин баардыгын жокко чыксын деген чечими бар Кыргызстандын. Бүттү ошол закон — закон. Андан беркисинде эч нерсе жок. Анан азыркылар айтат, Сүйүмбаев, Усубалиев, Раззаков күнөөлү экен деп. Алардын жасаганынын миңден бирин кыла алышпайт. Мен айттым, «аларды күнөөлөбөгүлө, алар өтүп кеткен, сага алар жооп бере албайт» деп», — деди Адахан Мадумаров.

Белгилей кетсек, Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултайга миңдей киши катышты.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Жыйынга тармактык комитетке мүчө 14 депутаттын 10у катышып, төртөө каршы добуш берген.

Эми документке тең эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жыйын жабык өткөн. Андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атаган.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Количество просмотров: 946