• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Мадумаров: Өлкөдө курулуштун 80%дан ашыгын чет элдик жарандар курууда, биздикилер кыла албайбы?

25 Баш оона 2022 15:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров «Кыргызстандагы курулуштун 80%дан ашыгын чет өлкөлүк жарандар куруп жатат, аны эмне биздикилер кура албайбы» деген пикири менен бөлүштү.

Анын айтымында, биздин өлкөдө курулуш тармагында иштеген чет өлкөнүн жарандары көп.

«Мен ушунча жыл силердин алдыңарга келип жалындым, жалбардым «кайт, айланайын кайт», атаң, бабаң айтып кеткен, «бөтөн жердин султаны болгуча, өз жеринде ултаны бол» деп. Ушул жерде олтуруп жумшак нан жегенден көрө, катып калган нан жесең да кыргыздын нанын жегин деп. Ушул жерде 50 миң рубль тапкандан көрө, Кыргызстанда ата-энеңдин канатында олтуруп тапкан 10 миң сомуң берекелүү болот деп айтып келдим. Эгер тап-такыр жумуш жок деп айткан болсоңор, мен көбү менен жолугушканда айтышат «кайда иштейсиң?» десем Илимдер Академиясында иштеп жатам деген сыяктуу «курулушта» деп коюшат. Кыргызстандагы курулуп жаткан курулуштун 80%дан ашыгын бөтөн өлкөлүк жарандары куруп жатат, ошону биздин балдар курса болбойбу», — деди Мадумаров.

Теги:
Количество просмотров: 825