• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мадумаров: Мага айрым кесиптештер келип, «кечирип коюңуз» деп ыйламсырады

22 Кулжа 2023 19:52 Бишкек Govori.TV

Парламент бүгүн, 22-июнда «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берди.

Жабык жыйындан чыккан Мадумаров, журналисттердин суроолоруна жооп берип, «макул» добуш берген депутаттар боюнча өз пикирин айтты.

«Мага айрым кесиптештер келип, «кечирип коюңуз» деп ыйламсырап жатпайбы… Кечирем айланайын, аман эле болсо болду!»,-деди Мадумаров.

Эске салсак, 31-майда Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү боюнча сунуш киргизген. Андагы айтылган жагдайларды иликтеп чыгуу үчүн комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровго коюлган төрт берененин бири – «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Ал эми жалпы жыйында 61 депутат «макул»,17 депутат «каршы», добуш берген.

Количество просмотров: 614