• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мадумаров: Мугалимдерди саясий иштерден бошотуу зарыл

13 Кулжа 2022 15:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Адахан Мадумаров «Мугалимдер менен студенттер бийликтин «дежурный күчү» болуп калды»,-деп сын айтты.


Анын айтымында, шайлоодо жардам керек болгондо мугалимдер жардамга келет, залдар толбой калганда студенттерди ал жакка жөнөтүшөт.


Мадумаров мугалимдерди, ректорлорду мындай саясий иштерден бошотууну талап кылууда.
«1861-жылы Россияда крепостнойлук жоюлган. Биздин мугалимдерди эми бул крепостнойлуктан ажыратуу керек. Мынча студент алып келесиңер, антпесе сөгүш аласыңар деп талап коюшат. Муну акыркы шайлоолордо да көрдүк», — деп белгиледи депутат.


Билим берүү министринин орун басары Абазбек Расул уулу мугалимдерди шайлоо процесстерине катыштырбоо керек дегенге макул экенин билдирди.


Ошол эле учурда Бактыбек Сыдыков менен Аида Исатбек кызы Билим берүү министрлигинин президентке улуттук макамы бар ЖОЖдордун ректорлорун дайындоо укугун берген демилгесине каршы чыгышты. Алар азыркы мыйзамда белгиленгендей ректорлорду университеттин жамааты шайлашы керек деп эсептешет.


Белгилей кетсек, Кыргызстанда төрт университет “улуттук”, 29у “мамлекеттик” макамга ээ.

Количество просмотров: 265