• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Мадумаров: Президент айтты, деди дегенди токтоткула

2 Жалган куран 2018 12:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.03.2018.Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидер Адахан Мадумаров жарандык коомдун өкүлдөрүн президент Сооронбай Жээнбековго ашыкча ишенип атканын сынга алды.

-«Мени бир нерсе таң калтырып жатат. Балким, силердин келечектен үмүтүңөр бышыгырак болсо керек. Бардыгыңар президент айтты, президент деди деп жатасыңар. Ушундай болчу беле же оору болуп калганбы. Коррупция менен күрөшпөйм деп кайсы президент айтты эле? Баары айткан. Акаев коррупция акүйдүн жетинчи кабатына чыкты деген, Бакиев элге кызмат кылам деген. Токтотпойлубу, президент айтып койду, туура айтты дегенди. Бийликти ушинтип атып биз бузабыз. Коорупция гүлдөп жаткан болсо бийликте ким отурду эле, досуң отубады беле президент болуп? Же бөтөн жактан айдан түштүңбү бүгүн»,-деди Мадумаров.

Количество просмотров: 9