Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров жыйында соттордун көз карандысыздыгы тууралуу маселе көтөрүп, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго «Президент менен дос эмес, акчасы жоктор эмне кылыш керек?» деген суроо узатты.
«Мыйзамсыз кармалып отурган 26 киши боюнча прокуратура кандай сөз сүйлөсө сот ошого башын ийкеп жалдырап отурат. Мен сизге аябай ишеним арткам. Азыр да ошол ишенимде турам. Булар соттордун баарын жетелеп алыптыр. Кызыл жалганды үйүп турса дагы сот туура деп жатат. Кыргыз сотунан жабыркаган жаран калган жок бүгүнкү күндө»,-деди Мадумаров.