• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мадумаров: Президенттин милдетин аткаруучу Конституцияга өзгөртүү, түзөтүүлөрдү киргизе албайт

23 Тогуздун айы 2020 13:00 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров акыркы кырдаал боюнча өз пикирин айтып, Конституцияны өзгөртүү чечим туура жолго алып келбейт дейт.

«Шайлоо мыйзамы бул конституциялык мыйзам, бул үчтөн кем эмес талкууда кабыл алына турган өзгөчө шарттагы мыйзамдар. Экинчиден шайлоо жарыялангандан кийин шайлоо жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү, түзөтүүлөрдү киргизүү тыюу салынат. Булар баягы эле мен айткандай «мен билем», «мен ушуну каалап жатам»… Булар Конституцияны да окубай жатат да. Макул, мына ушундай башаламандыктар болду деп 7%ды 5 пайызга түшурсүн, форма 2ни алып салсын, күрөөнү азайтсын маселе жок, себеби 4-октябрдагы окуялар ушунун кесепетинен болду десе кандайдыр бир деңгээлде түшунуктүү болот эле. Бирок булар андан ары карай өтүп кетип бара жатат, «Мыйзамдарды өзгөртөбүз, депутаттардын санын кыскартабыз» деп, ал үчүн Конституцияны өзгөртүү керек. Бугүнкү чыгарып жаткан демилгеси Конституцияны өзгөртүүгө чейин шайлоолорду токтотуп турабыз дегени бул бийликти бир колго топтоонун өтө чоң кылмыштуулугу. Бул түздөн түз узурпация», — деди ал.

Мындан тышкары Мадумаров президенттин милдетин аткаруучу Конституцияга өзгөртүү, түзөтүүлөрдү киргизе албай турганын кошумчалады.

«Бул Конституциянын катуу талабы. Президенттин милдетин аткаруучу референдум жарыялай албайт. Экинчиден бул Жогорку Кеңеш аркылуу мүмкүн эмес, себеби ЖКнын толук ыйгарым укуктары 28-октябрда токтойт», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, мыйзам 2020-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынды.

Бул конституциялык мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы бир катар жагдайлар, ошондой эле өлкөдөгү түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал менен шартталган.

Кабыл алынган мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган, аларда конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү мөөнөтү конституциялык реформа өткөрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп каралган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

Количество просмотров: 475