• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мадумаров сотко жеткирилди

12 Жалган куран 2024 14:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун иши каралууда.

Ишти караган судья Мирбек Сатарбек уулу. Соттук процесске ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Эске салсак, Мадумаров өткөн жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Мадумаров 26-октябрда эртең менен УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, кийин кайра абакка которулган.

Количество просмотров: 123