• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Мадумаров: Тилдин «ашмалтайын» чыгарып жибердиңер, кайсы тилде сүйлөп жатканыңарды билбей жатабыз

21 Бештин айы 2022 12:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-декабрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров баяндама жасаган өкмөт өкүлдөрүн орус жана кыргыз тилдерин аралаштырбай, бир тилде сүйлөөсүн талап кылды.

«Бир тилде сүйлөсөңүздөр, тилдин «ашмалтайын» чыгарып жибердиңер, кайсы тилде сүйлөп жатканыңарды билбей жатабыз. Башынан аягына чейин бир тилде сүйлөсөңөр, себеби сизди карап отурган канча окуучу, студент бар, алар кандай үлгү алып жатат?» ,-деди Мадумаров.

Количество просмотров: 489